Кайсы вакцина алгандар Умрага бара албайт? (видео)

3846

Кыргызстанга жакында коронавируска каршы Модерна жана Файзер вакциналары алып келинет. Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, Модерна препаратынын 130 миң дозасы кийинки жылы январда келиши күтүлүүдө. Ал эми 259 миң доза Файзер 10 күндүн ичинде өлкөгө жеткирилет экен.

Препараттарды сактоо үчүн 4 муздаткыч даярдалганы маалым болду. Учурда кыргызстандыктар Синофарм, Астразенека жана Спутник-V вакциналары менен эмделүүдө. Бирок АКШ, Сауд Аравия сыяктуу өлкөлөр вакцинанын айрым бир түрүн алгандарга өз аймагына кирүүгө уруксат берилберин билдирүүдө.