Кайсы жолдун цементине 118 миллион сом кеткен? (видео)

819

Транспорт жана жолдор министрлигинин айрым кызмат адамдарына кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти. Кечээ Эсептөө палатасы Транспорт жана жолдор министрлиги 2016-жылы 235 миллион сомдон ашык финансылык мыйзам бузууга жол бергенин билдирген. Бул каражаттар жумуштун көлөмүн көбөйтүүдөн жана материалдардын баасын ашык көрсөтүүдөн улам чыкканы белгиленген. Каржылык мыйзам бузуу фактылары негизинен Балыкчы-Корумду жана Бишкек шаарындагы «Манас» аэропортуна кетчү жолдорду оңдоо долбоорлоруна байланыштуу болгон. Деген менен Транспорт жана жолдор министрлиги Эсептөө палатасынын мындай айыптоолорун четке кагууда. Айтымдарында, буга жумуштарды аткарган курулуш компаниялары күнөөлүү.