Кайтаруу жана күзөт департаментинин ишин мекеме аралык комиссия текшерет

794

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана күзөт департаментинин ишин мекеме аралык комиссия текшерет. Комиссия түзүү жөнүндө чечим, кечээ Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын жыйында кабыл алынды.

Ага акыркы эки ай ичинде аталган департаментте үч жолу суицид катталганы себеп болду. Натыйжада эки аскери каза болуп, бирөө оор жарадар болгон. Акыркы жолу өзүнө кол салган учур 31-июлда катталган.

Бишкектин Ленин райондук сотунда шектүүлөрдү алып келгенден кийин конвой дааратканага кирип, өзүн атып алганы айтылган. Ал эми ушул жана дагы эки башка фактыларды Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Ошондой эле, өткөн кеңешмеде жоокерлердин өз өмүрүнө кол салуусун алдын алган чараларды күчөтүү зарыл экендиги туралуу да сөз болду.