Кайыңдыдагы №1 мектеп-лицейинин абалынан ата-энелер кооптонушууда

1532

Балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан мектеп. Чүй областынын Кайыңды шаарында жайгашкан №1 мектеп-лицейинин окуучуларынын ата-энелери окуу жайдын абалынан кооптонушууда. Алар лицейди видеого тартып интернетке жүктөшкөн.

Айтымдарында окуу уясы учурда авариялык абалда. Имараттын пайдубалы чөгүп, дубалдары урай баштаган. Бирок жергиликтүү аткаминерлер мектепти оңдоп-түзөө үчүн эч кандай чара көрбөй жатканын билдиришүүдө. Балдарынын коопсуздугунан чочулаган ата-энелер кол чогултууга бел байлап жатышканын да айтышууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.