Kaktus Медиага каршы чыккандардын артында ким турушу мүмкүн? (видео)

1523

Бир катар активисттер кайрадан “Кактус Медиа” басылмасынын кеңсесинин жанына чогулуп, нааразычылыктарын билдиришти. Ал убакта редакциянын кызматкерлери иш ордуларында жок болчу. Алар коопсуздук максатында имараттан чыгып кетишкен.

Нааразычылык акциясына чыккандар кийинки митингин КЛООП сайтынын кеңсесинин алдында улантып, 2 сайттын тең ишин сынга алышып, аларга «чет элдик агенттер» макамын берүүнү талап кылгандар да болду.