Калаа депутаты болом дегендерге мандаттар сатыла баштадыбы? (видео)

3370

Кыргызстанда шаардык кеңештерге шайлоонун үгүт иштери башталды. Бүгүнтөн тарта депутаттыкка талапкерлер өз аймактарында шайлоочулар менен жолугуп, программасын тааныштырууну башташат. Үгүт кампаниясы 9-апрелге чейин уланат. Шайлоого аттанган партиялардын саны боюнча Бишкек шаары биринчи орунда турат.

Борбор калаада 25 уюм саясий жарышка катышуу ниетин билдирген. Ал эми кандидаттардын жалпы саны 15 миңден ашты. Ал арада аймактарда айрым партиялар тизмедеги алдыңкы орун үчүн талапкерлерден 300-400 миң сом сурап жатканы айтылууда.