Калааны каптаган кара түтүндөн кантип арылабыз? (видео)

1343

Бишкекти каптаган кара түтүн көйгөйүн чечүү милдетин конкреттүү бир органга жүктөп, анын ыйгарым укуктарын кеңейтүү зарыл. Экологдордун айтымында, ошого жараша жоопкерчилик болуп, бир органдан талап кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Болбосо азыркы система менен маселе жолго коюлбай, мамлекеттик органдардын бири-бирине шылтаган көрүнүш улана берет дешет алар.

Ал мекеме жакынкы эки жылда унааларды газга өткөрүү, ТЭЦке жогорку сапаттагы көмүр ташуу жана электр энергиясынын кошумча булактарын ишке киргизүү сымал кескин чечимдерге барбаса, жакынкы эле жылдарда саламаттыгы начарлагандардын саны көбөйүү коркунучу турат.