Калк вакцина алуудан коркуудабы? (видео)

2991

Кыргызстанда эмдөө иштери уланууда. Бирок пландан артта калуу байкалууда. 20-апрелге чейин вакцинанын 50 миң дозасы алынып бүтүшү керек болсо, бүгүн алардын саны 7000ге араң жетүүдө. Эмделгендердин саны боюнча Ош областы алдыда. Аталган аймакта 2,5 миңге жакын тургун Синофарм препаратын колдонгон. Экинчи орунда Жалал-Абад областы турат. Ал жакта ийне сайдыргандар миңден ашты.
Ал эми Бишкек шаарында эмдөөдөн өткөндөр 800гө дагы жетпейт. Белгилүү болгондой, учурда бир катар мамлекеттик кызматкерлер Кытайдан келген Синофарм вакцинасын алып жатышат. Анын 150 миң дозасы кошуна өлкөдөн алып келинип, эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталган.