Калктуу пункттарга «айыл» статусун берүү сынга алынды (видео)

896

Кыштактарды ирилештиргендин ордуна калктуу пункттарга «айыл» статусун берүү аракети сынга алынды. Бүгүн парламенттин тармактык комитетинин отурумунда эл отурукташып калган аймактарга макам берүү маселеси каралды. Өкмөт мүчөлөрү Жалал-Абад областындагы бир нече аймакка «айыл» статусун берүүнү сунуштап келишкен. Бирок буга көпчүлүк депутаттар каршы чыгышты. Анткени калктуу конуштарды майдалап бөлбөй, ирилештирүү керек, дешет парламентарийлер. Мындан улам, документ артка кайтарылды.