Калькулятордон мыкты эсептеген балдар (видео)

1293

Бир нече орундуу сандарды калькулятору жок эле, көз ирмемде эсептеген балдар. Бир туугандар Арсен жана Байэл Рахымбековдор менталдык арифметиканы мыкты өздөштүрүп, тогуз айдын ичинде эле ийгилик жарата алышты. Алар Түркияда өткөн дүйнөлүк интеллектуалдык олимпиадага катышып, алдыңкы орундарга жетишишти. Экинчи класстын окуучусу Байэл — ылдам эсептөө боюнча алдыга эч кимди чыгарбайт, жана сандарды карап туруп эле кошуп коет. Ал эми анын агасы Арсен — сандарды көрбөстөн угуп эске тутуп, манжалары менен эсептейт. Учурда бир туугандар кийинки жылы Колумбияда жана 2020-жылы Дубайда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка даярданып жатышат.