Калпак кийген Тазалыктын кызматкерлери элди сүйүнттү (видео)

1157

Бүгүн Кыргызстанда ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленди. Бул майрамга карата ордо калаада 200дөн ашуун адам жөө жүрүшкө чыкты. Иш-чара Бишкектеги Курманжан Датка эстелигинин жанында башталып, Ала-Тоо аянтында жыйынтыкталды. Ал калпак күнү 7 жылдан бери белгиленип келет. Бул күн расмий майрам катары 2016-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Эми эркектердин баш кийими катары эсептелген калпак менен бирге ак элечек күнүн дагы өткөрүү сунушталып жатат. Бул демилге майрамдык иш-чаранын катышуучулары тарабынан көтөрүлүүдө.