Калыбек Элтуйбасовду экстрадициялоо боюнча АКШга кайрылуу жөнөтүлгөн жок

709

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыш ишин иликтөөгө тоскоолдук жараткан деп издөөгө алынып, АКШдан кармалган Калыбек Элтуйбасовду Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча Американын тиешелүу кызматтарына кайрылуу жөнөтүлгөн эмес.

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин ыкчам иликтөө боюнча орун басары Мирлан Каниметов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Элтуйбасовду экстрадициялоо боюнча тийиштүү материалдар Башкы прокуратура аркылуу АКШга жөнөтүлгөнүн айткан.

Көп өтпөй эле башкы көзөмөл органы билдирүү таратып, анда алардын дарегине Ички иштер министрлигинен эч кандай документтер түшпөгөнүн жана Кыргызстан менен АКШнын ортосунда мындай кызматташуу боюнча келишим жок экенин белгилеген. Буга чейин мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын жакын тууганы Калыбек Элтуйбасов АКШда кармалганы тууралуу кабарланган.

Эске салсак, 2014-жылы 10-мартта 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева киши колдуу болуп, анын өлүмүнүн себептери ушул күнгө чейин ачылбай келет. Милиция билдиргендей, Элтуйбасов сауналардын бириндеги камералардагы видеону анын кожоюну менен бирге өчүргөн деп шектелүүдө.

Маалыматтарга караганда, ошол күнү Камила Дүйшөбаева Элтуйбасовго кандайдыр бир себептер менен барганы айтылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.