Калың жааган кардын кесепети (видео)

681

Калың жааган кардын кесепетинен улам өлкөнүн бир бөлүгү электр жарыксыз калды. Бишкек шаарында, Чүй жана Талас областынын 10 районунда электр энергия үзгүлтүккө учурады. Көпчүлүк жерде кардын оордугунан бак-дарактардын бутактары сынып, зымдарды үчүп кеткен. «Түндүкэлектр» ишканасы үзгүлтүккө учураган электр жарыгы эң кеч дегенде, эртең түшкө чейин калыбына келтирилээри маалымдалды. Аба ырайынын кескин өзгөрүшү «Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринин да эсин оодарды. Алар борбордун көчөлөрүн кардан тазалоого жетишпей, тыгындар жаралып жатты. Мунун себебин муниципалитет техниканын жетишсиздиги менен түшүндүрүүдө.