Калыс-Ордодо жер басып алууга шектелген жаран 2 айга камакка алынды

672

Калыс-Ордо жаңы конушунда жер басып алууга шектелген бир адам №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 36 жаштагы адам 2 айга камакка алынды.

Аталган факты «бөтөн жерди өз алдынча басып алуу» беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталды. 15-октябрда Биринчи май районундагы Калыс-Ордо жаңы конушунда мэрияга караштуу 7 гектар жерди 100дөй адам басып алууга аракет кылышкан.

Бул окуядан кийин милиция 23 кишини кармап, бирок алар сурактан кийин кое берилген. Учурда укук коргоо органдары мыйзамсыз аракетти уюштургандарды издөөдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.