Калыс-Ордодогу жерди басып алууга кимдер үгүттөгөн? (видео)

594

Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушундагы муниципалдык жерди басып алуу аракети боюнча кылмыш иши козголду. 23 адам кармалып, аты-жөнү такталган соң, күбө катары суралып, кое берилген. Учурда жер тилкелерин басып алууга үгүттөгөндөрдү аныктоо иштери жүрүп жатат.

Борбор калаанын «Калыс-Ордо» жаңы конушунда мэрияга караштуу жети гектар жерге белгисиз адамдар келип, казык кагып, бөлүштүрө башташкан. Муниципалитеттин кызматкерлеринин эскертүүлөрүн укпай коюшкан. Кийин дагы жер участокторун өзүм билемдик менен бөлүштүрүп алууга келгендер болду. Жарандарды мораторий коюлган жерди басып алууга кимдер үгүттөп жатат?