Калысбек Жумаканов: «Солтон-Сары жайлоосунда өлгөн малдар ууланган эмес»

952

Бул тууралуу ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов Солтон-Сарыда бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуп жаткан кезде айтты. Анда өлгөн койлордон ичеги курт жана пастрилес ылаңы чыкканын билдирди. Ал аталган ылаң эмделбеген кой-эчкиге жукканын, эки кой жана бир тирүү козудан анализ алынганын билдирди.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда «Солтон-Сарыда кой-эчки массалык түрдө кырылып жатканы» тартылган видеолор тараган. Жергиликтүүлөр буга Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан кытайлык компанияны агын сууну булгап жаткандыктан, мал жапырт кырылып жатканын айтып чыгышкан. Экотехинспекциясы кой-козу жапырт кырылып жаткан аймактагы сууну жана топуракты текшерип, ал таза чыкканын билдирген.

Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Солтон-Сары кенинде кытайлык компания куруп жаткан кен иштетүүчү комбинаттын курулушу менен таанышып чыкты. Аны менен жергиликтүү тургундар да жолугушуп, бир топ нааразылыктарын айтышты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.