Камакка алынган Бахтияр Төлөнов ооруканага жаткырылды

3129

Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун камакка алынган бир тууганы ооруканага жаткырылды. Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы Маалыматтык-консультациялык борборунун директору Бахтияр Төлөнов инфаркт болгону айтылууда.

Буга чейин мамлекеттик кызматкер Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 9-мартка чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бахтияр Төлөнов 9-январда кечке жуук ордо калаадагы Манас проспектиси менен Жибек жолу көчөсүнүн кесилишиндеги кафеден 800 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Ал акча кыргызстандыктарды чет өлкөдө жумуш менен камсыз кылып келген аялдын ишмердүүлүгүн улантуучу лицензияны берүү үчүн талап кылынган. Жыйынтыгында жемкорлукка туш болгон аял Финполицияга арыз менен кайрылган.

Учурда бул иш Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүүлөр жүргүзүлүп жатат. Белгилүү болгондой, кылмышка шектүү делген Бахтияр Төлөнов чет өлкөдөгү кыргызстандык жарандардын жумуш ордуна квота берүү боюнча комиссиянын төрагасы кызматын ээлеп келген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.