Камакка алынган депутат Канатбек Исаевди коргоо комитети түзүлдү

808

Камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевди коргоо комитети түзүлдү. Аны УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жетектейт. Комитеттин мүчөлөрү бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, Исаевге карата козголгон кылмыш иши чагым жана атайылап каралоо үчүн жасалганын айтышты. Канатбек Исаевди коргоо комитети объективдүү, ачык тергөөнү талап кылат.

Ошондой эле, аны үй камагына чыгаруу керек. Комитет мүчөлөрү депутаттын качып кетпешине кепилдик берет, дешет маалымат жыйындын катышуучулары. Исаевди коргоо уюмуна Зайнидин Курманов, Чолпонбек Абыкеев, Мамбетжунус Абылов, Нурлан Кудайбергенов, Нарынбек Молдоисаевдер кирди.

Алар депутатты камакка алууга негиз болгон видеотасма кайсы жерде жана кандай шартта тартылганын, жаздыруу жүргүзүүгө соттун санкциясы болгонбу иликтешет. Анткени Исаевдин ишинде түшүнүксүз көп жагдайлар чыгууда, дешет комитет мүчөлөрү.