Камакта отурган Өмүрбек Текебаевге ырайым берилеби? (видео)

597

Учурда бул суроо коомчулукта кызуу талкууланып, юристтер арасында кызуу талаш жаратты. Экс-президент Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуу жолдоп, Өмүрбек Текебаевге ырайым берип, аны камактан чыгарууну өтүнгөн. Бул кайрылууну Жогорку Кеңештеги бардык алты фракциянын лидерлери да бир добуштан колдоп беришти.

Экс-депутатты абактан бошотуу өтүнүчүнө азырынча расмий жооп боло элек. Ал эми Өмүрбек Текебаев үчүн ырайым сурап жаткандардын аракетине абактагы саясатчы өзү кандай баа берерин азырынча анын партиялаштары дагы билбейт. «Ата Мекен» партиясынын башчысы кандай шарт менен мөөнөтүнөн мурда камактан чыгышы мүмкүн?