Камакта жаткан Аида Салянованын оорусу күчөп жатат

951

Камактагы экс-башкы прокурор, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованын оорусу күчөп жатат. Бул тууралуу анын адвокаты Рабига Садыкова билдирген.

Ага ылайык, Салянова Бишкектеги №1 тергөө абагына кайра которулгандан бери анын саламаттыгы начарлай баштаган. Жактоочунун айтымында, экс-башкы прокурор жүрөк илдетинен улам операцияга даярданып жаткан. Бирок ага карабастан аны кайра тергөө абагына алып кетишти, дейт адвокат.

Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган Салянова Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-июнга чейин №1 тергөө абагында камалган болчу. Кийин анын абактагы мөөнөтү 26-августка чейин узартылган. Ал арада сот адвокаттардын мурдагы башкы прокурордун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арызын бир нече жолу четке какты.

Аида Салянова 15-июнда саламаттыгынан улам ооруканага которулуп, бирок 14 күндөн кийин кайра тергөө абагына жеткирилген. Жазаларды аткаруу кызматы болсо экс-башкы прокурордун саламаттыгы көзөмөлдө экенин жана өмүрүнө коркунуч жоктугун билдирүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.