Камаздын айдоочусу 2 кыз-келинди коюп кетти (видео)

894

Бишкекте кайрадан адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы болду. Кечээ күнү кечке маал Камаздын айдоочусу 2 кыз-келинди коюп кетип, алар ошол жерден каза тапкан. Маалыматтарга караганда, алардын бири кош бойлуу болгон. Тартип сакчыларынын айтымында, кырсыкка оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башка албай калганы себеп болгон. Бул кырсык боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.