Камбар Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр уланууда

1042

Өзбекстан менен Кыргызстан Камбар Ата-1 ГЭСинин курулушун бирге ишке ашыруунун конкреттүү кадамдарын талкуулоону улантышууда. Өзбек ММКлары бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыковго шилтеме жасоо менен билдирди.

«Өзбекстан Кабар Ата-1 ГЭСинин курулушуна катышат. Бул макулдашуу кагаз жүзүндө калган жок. Жумушчу топ бул долбоор боюнча Ташкентте алгачкы жыйынын өткөрдү жана анда алдыда жасала турган кадамдар белгиленди», –деди Данияр Сыдыков.

Анын пикиринде, бул аймактык масштабдагы ири долбоор болот, андыктан бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен маселелерди чечүү зарыл.

Элчи Данияр Сыдыков Өзбекстан долбоорго технологиялык жана ресурстук жактан катыша аларын белгиледи. Октябрда «Өзбекгидроэнерго» менен «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» Камбар Ата-1 ГЭСин куруу боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшкан.

Камбар-Ата 1 ГЭСи – Кыргызстан гидроэлектрстанциясындагы ири долбоор. Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов бул объектини курууга каршы чыгып келген.