Камбар-Ата-1 ГЭСин өзбектер курабы? (видео)

2737

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда Кыргызстан өлкө кызыкчылыгын биринчи коюп, долбоордун майда-баратына чейин тыкыр иликтеп чыгуусу зарыл. Аталган тармактагы адистер ири энергетикалык долбоорду ишке ашыруу боюнча пикирлерин билдирип чыгышууда. 2 күн мурда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1дин курулушу быйыл баштала турганын айтты.

Обьекттин баштапкы инфраструктуралык курулуштары үчүн 486 миллион доллар табылган. Долбоорду ишке ашырууга Казакстан менен Өзбекстан кызыкдарлыгын билдирип, сүйлөшүүлөр жүрүп жатыптыр. Учурда каражатты кайсы тарап канча кошот, үлүшү канча болот жана кайсы принциптер менен курулат деген суроолор ачык турганы белгиленди.