Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунда канча мүчө бар? (видео)

1227

Индира Жолдубаеванын башкы прокурор катары былтыркы ишине Жогорку Кеңеш канааттандырарлык эмес деген баа берди. 2017-жылдын жыйынтыгы тууралуу маалыматты прокуратурага жакында эле жетекчи болуп дайындалган Өткүрбек Жамшитов айтып бергени менен, ал депутаттардын көптөгөн суроолоруна толук жооп бере алган жок. Муну түшүү менен кабыл алган эл өкүлдөрү Өткүрбек Жамшитов өзүнүн жасаган иши үчүн келерки жылы отчет бериши керек дешет. Эске салсак, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева өзүнө жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн апрель айында кызматынан алынган. 2 жумадан кийин анын ордуна Өткүрбек Жамшитов дайындалган.