Камчыбек Жолдошбаев дагы эмнелерден уялат? (видео)

2165

«Мен уялам»! Учурда социалдык тармактарда дал ушундай аталыштагы флешмоб жүрүп жатат. Буга кечээ күнү депутат Камчыбек Жолдошбаевдин айткандары себеп болду. Анда ал парламентке коомдук транспорт менен келген кешиптештери үчүн уяларын айтып чыгып, бул өз кезегинде коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып жатат. Ошол эле убакта, Жогорку Кеңешке коомдук транспорт менен эле келген айым-депутаттар, бул алар үчүн уят деле эмес экенин айтышууда. Эске салсак, эл өкүлдөрү 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин кызматтык унаадан баш тартышкан болчу. Бирок аларга ар кандай чыгымдары үчүн айына 40 миң сомдон бөлүнүп турат.