Камчыбек Жолдошбаев кылмыш жообуна тартылабы? (видео)

2489

Шайлоочулардын добушун жапырт сатып алуу кинеси менен саясий өнөктүктөн четтетилген Камчыбек Жолдошбаев кылмыш жообуна тартылабы? Кечээтен бери коомчулукта дал ушул суроонун тегерегинде кызуу талаш-тартыш жүрүүдө. Боршайкомдун өкүлдөрүнүн айтымында, эгер мурдагы талапкердин бул ишке түздөн-түз тиешеси бар экени аныктала турган болсо, анда бул үчүн 2,5 жыл темир артына соттоо боюнча норма каралган.

Бирок учурда убактылуу кармоочу жайда Жолдошбаевге үгүт кылып, акча таратып жатып кармалган кудасы отурат. Эксперттер болсо, эгер шектүү түздөн-түз көрсөтмө берсе, анда ал мыйзам боюнча далил катары эсептелип, айыбын аныктоо мүмкүн экенин айтышууда.