Камчыбек Жолдошбаев шайлоодон четтетилди (видео)

2395

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Камчыбек Жолдошбаев шайлоочулардын добушун жапырт сатып алууну уюштурган деп шектелүүдө. УКМК Боршайкомго кат жолдоп, анда талапкерге карата чара колдонуу өтүнүчүн келтирди. 2 күн мурда атайын кызмат Жолдошбаевдин тууганы Муктарбек Сыдыковду кармаган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, ал Бишкектин Ленин районундагы айрым үй комитеттеринин төрагаларын Камчыбек Жолдошбаевге үгүттөгө жана шайлоочулардын добушун сатып алууга көндүргөн. Сыдыковдун унаасын тинткен учурда акчалай каражат жана шайлоочулардын тизмеси жазылган кагаз табылган.