Камчыбек Ташиев кайра парламентке чакырылды (видео)

3053

Баткендеги чек ара маселеси жогорку чыңалган абалга жетти. Бул тууралуу Жогорку Кенеште айтылып, анда депутаттык комиссия түзүп, алар чыгарган тыянактарга жараша бул жаатта тезинен стратегиялык саясатты иштеп чыгуу сунушу берилди.

Ошондой эле, эл өкүлдөрүнүн талабы менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган делегация Жогорку Кеңешке чакырылып, алар Баткендеги акыркы чек ара жаңжалы тууралуу жабык эшик артында маалымат беришти. Отурумдан кийин атайын кызматтын төрагасы журналисттердин бир топ суроолоруно жооп бергенге жетишти. Айтымында, эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгүн №39-токтом кызыктырган.