Камерага түшүп калган айдоочуга айып пул — 2 миң сомго чейин (видео)

1709

Ай башынан бери Бишкек шаарындагы төрт көчөгө орнотулган видеокамералар 13 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактыларын сүрөткө тартып алды. Бул тууралуу «Инфоком» ишканасынан кабарлашты. Айдоочулар эң көп бузган жол эрежеси стоп сызыгынан өтүп кеткени болууда. Алардын саны он миңге чукулдайт. Мындай эреже бузгандарга миң сом айып пул салынып, айдоочулардын даректерине дүмүрчөктөр жөнөтүлөт.