Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча жаңы ыкчам-тергөө тобу түзүлдү

766

Төрт жыл мурда Бишкекте киши колдуу болгон студент Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча жаңы ыкчам-тергөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын жетекчисинин орун басары Бактыбек Нарчаев билдирди. Анын айтымында, учурда тергөө тобу Дүйшөбаеванын өлүмүнүн жаңы жагдайлары боюнча иш алып барып, документтер менен иштеп жатат.

Эске сала кетсек, «Киши колдуу болду» деп айтылган 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылы шаар четиндеги Байтик айылынан табылган. Убагында бул өлүмдү иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган. Алардын арасында коомчулукка белгилүү адамдар жана алардын туугандарынын аты аталган.

Бирок бир жылдан кийин, иликтөө иштери кайрадан башталып, милиция жаңы версия бар экенин билдирген. Кыздын телефонундагы маалыматтарды алыш үчүн Малайзиядан атайын адистер чакырылган, бирок кийинчерээк бул аракеттен эч кандай майнап чыкпаганы белгилүү болгон.