Кан борборунда кан жетишсиз (видео)

821

«Кан тапшырып, өмүр тартуула!». Кыргызстанда Улуттук кан донорлорунун күнүнө карата бир жумалык акция башталды. Иш-чара Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөрүлүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, соңку 25 жыл аралыгында өз ыктыяры менен кан тапшырган адамдардын саны кескин кыскарып кетти.

30 жыл мурда кан донорлорунун саны 180 миңге чукул болсо, былтыр бул көрсөткүч 32 миңге түшкөн. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун стандарты боюнча миң адамга 40 донор болушу керек болсо, Кыргызстанда бул көрсөткүч 4 гана кишини түзөт экен. Республикалык кан борборунда болсо, кандын айрым топтору таптакыр эле жетишсиз экен.