Кан донорлорунун Улуттук күнүнө карата бир жумалык акция башталды

570

«Кан тапшырып, өмүр тартуула!». Кыргызстанда кан донорлорунун Улуттук күнүнө карата бир жумалык акция башталды. Белгилей кетсек, кан донорунун күнү Кыргызстанда жыл сайын сентябрь айынын акыркы жекшембисинде белгиленип келет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, соңку 25 жылда өз ыктыяры менен кан тапшырган адамдардын саны кыйла кыскарып кетти. 30 жыл мурда алардын саны 180 миңге чукул болсо, 2016-жылы бул көрсөткүч 39 миңге түшкөн. Ал эми былтыр болсо өз ыктыяры менен кан тапшыргандар дагы 2 миңге азайганы аныкталган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун стандарты боюнча 1 миң адамга 40 донор болушу керек болсо, Кыргызстанда бул көрсөткүч 4 гана кишини түзөт экен.