Кан майдандан келген каттардын тарыхы (видео)

1936

Жетимиш жылдык тарыхы бар кол жазмалар. Учурда Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлери жазган 200гө жакын кат Борбордук мамлекеттик архивде сакталып турат. Алардын арасында, Советтер союзунун баатырлары, Кыргызстандын белгилүү инсандары жакын туугандарына жазган дубай-саламдары да бар. Тарыхый экспонат катары аздектелген каттарда фронттогу жоокерлердин ар кыл сезимдери, каалоо-тилектери жана үмүттөрү чагылдырылган. Кээ бир каттар жоокердин өлүмүн кабарлаган «кара кагаздан» кийин келген учурлар болгон. Буга ишенбеген энелер менен жубайлар курман болгон аскерлерди жыл санап күтүшкөн.