Кан рагына кабылган 8 айлык Айлинге жардам керек (видео)

1842

Дарыгерлер тез арада чүрпөнүн жүлүн мээсин алмаштыруу боюнча операция жасоо керектигин белгилешүүдө. Бирок мындай оор операция Кыргызстанда жасалбагандыктан, бөбөктү Түркиядагы клиникаларга алып баруу зарыл.

Ал үчүн жалпысынан 100 миң доллар каражат керектелет экен. Учурда керектүү акчанын 10 гана пайызы топтолгон. Андыктан Айлиндин ата-энеси жумурай журттан жардам сурап кайрылып жатат.