Канадалыктарга мөңгүлөрдү каалагандай талкалоого жол ачылды (видео)

964

Давыдов менен Лысый мөңгүлөрү ээрип, дээрлик жок болгон. Бул тууралуу парламенттеги тармактык комитетте «Суу кодексине» киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралып жатканда айтылды. Аткаминерлер депутаттардан бул эки мөңгүнү ордунан жылдырууга уруксат берип, буга чейин эле жүргүзүлүп келген ишмердүүлүктү мыйзамдаштырып коюуну суранышууда. Ушул күнгө чейин канадалык компания өкмөттүн токтомунун негизинде кен казып, мөңгүнү ансыз деле жылдырып келген. Аткаминерлердин айтымында, мыйзамга киргизилген өзгөртүү Давыдов менен Лысыйга гана тиешелүү. Башкаларына кол салууга уруксат берилбейт. Бирок эки мөңгүнүн талкаланышы кейиштүү окуянын башталышы болуп калышы мүмкүн дегендер да бар.