Канализацияга жумшалган 16 миллион евро (видео)

1821

Борбор калаада саркынды сууну тазалоочу жайдагы жабдуулар жаңыланууга муктаж. Анда иштеген кызматкерлер мекеме жакынкы жылдары оңдоп-түзөөдөн өтпөсө, аравиялык абалга кептелип, сууну тазалоо үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп кооптонушууда. Ал арада ордо калаанын аянты барган сайын кеңейип бара жаткандыктан, кошумча саркынды суу магистралы курула баштады.

Ага Бишкектин батыш тарабындагы турак жайлар, социалдык мекемелер кошулат. Узундугу 11 чакырымды түзгөн коллектордук магистралдын курулуш иштери алты тилкеге бөлүнүп, этап-этабы менен бүткөрүлөт экен. Тиешелүү иштер Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Пригородный айылындагы саркынды суу тазалоочу жайдан башталып, учурда бетон түтүктөрү жаткырылууда.