Канат Исаев: Тергөө абагындагы 20% – айыпсыз (видео)

706

Тергөө абактарында отургандардын 20% жалган жалаа менен кармалгандар. Бул тууралуу НТС каналына берген маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев билдирди. Ал өткөн жылы «бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деген шек менен камакка алынган. Бирок кийин эки соттук инстанциядан акталып чыккан болчу. Ал 9 ай УКМКнын тергөө абагында жалган жалаа менен камалгандар менен бир камерада отуруп, алар менен баарлашканын айтат.

Канатбек Исаев тергөө органдарынын кызматкерлери менен соттор мыйзамсыз аракеттери үчүн жазага тартылбай жатышы — адам тагдырлары талкаланып жатканынын башкы себеби дейт. Тажрыйбалуу юристтер да соңку жылдарда укук коргоо мекемелеринде кадр саясаты начарлап кеткенин белгилешүүдө.