Канат Исаевдин кармалышы боюнча үй-бүлөсү эмне дейт? (видео)

1301

Канат Исаевдин камалышына байланыштуу кызматынан кетүү тууралуу рапорт жазган Талант Исаевдин арызына бүгүн өкмөт башчы кол койду. Кечээ күнү эл өкүлүнүн бир тууган агасы милициянын генерал-майору Талант Исаев Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкы башкармалыгынын жетекчилигинен кетүү чечимин кабыл алган. Мунун себебин генерал Исаев бир тууганына кылмыш иши козголуп жатканда, кызматта турууга моралдык укугум жок, деп түшүндүрдү. Мыйзам боюнча Талант Исаев кызматтан кетпей койсо да болмок. Эксперттер генералдын бул чечимин кээ бир аткаминерлерге караганда чыныгы жигиттик кадамга барды, деп баалашууда.