Канат Исаевге козголгон кылмыш иши – чагымчылдык! (видео)

637

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевди коргоо комитети түзүлдү. Аны УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жетектейт. 6 адамдан турган комитет мүчөлөрү бүгүн маалымат жыйын уюштуруп, эл өкүлүнө козголгон кылмыш ишин чагым деп аташты. Абройлуу саясатчы, генерал жана тажрыйбалуу адистерден турган комитет ишти ачык-айкын тергөөнү талап кылды. Ошондой эле, Исаевди үй камагына чыгарууну суранып, ага кепилдик болуп берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.