Канат Исаевге өкүм чыгаары күтүлүүдө (видео)

1544

Канат Исаевдин Токмок шаарынын мэри болуп тургандагы ишин кароо Бишкек шаардык сотунда уланды. Тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Эске салсак, депутатка карата 2007-жылы Токмок шаарында мэр болуп турганда мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирген деген айып тагылган. Бирок Исаев өзүнө коюлган күнөөнү четке кагууда. Кечээ болсо саясатчыны коргоо комитети депутат Канабек Исаевдин ишин акыйкат карап берүүнү камсыздап берүү өтүнүчү менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган. Аталган комитет эл өкүлүнө кылмыш ишин козгоодо жана кароодо 27 мыйзам бузуу фактысы аныкталганын билдиришкен.