Канат Сагымбаев 8-октябрга чейин №1 тергөө абагына киргизилди

737

Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев 8-октябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди. УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы кызматкерин камакка алуу чечими кечээ кечинде Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Эске сала кетсек, ал 3 күн мурда кармалып, массалык башаламандыкты уюштуруу, адам өлтүрүү, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана иликтөө иштерине тоскоолдук кылуу беренелери боюнча айыпталып жатат.

Канат Сагымбаев Алмазбек Атамбаев кармалганга чейин аны кайтарып жүргөн. 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяда ошол кездеги ички иштер министри Курсан Асанов мурдагы президент менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Алмазбек Атамбаев багынып берген. Сагымбаев ошол учурда мурдагы президенттин жанында жүргөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.