Канча талапкер кол тамгалар менен күрөөнү алып келүүгө жетишти? (видео)

3474

Бүгүн түнкү саат 12де президенттикке талапкерлердин кол коюлган баракчаларды тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Талапка ылайык, чогулган кол тамгалар 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес өлчөмдө болушу шарт. Ошондой эле, кандидаттар түн оогонго чейин 1 миллион сомдук күрөөнү да төлөп коюлары кажет.

Боршайкомдун акыркы маалыматына караганда, бул суммадагы акчаны төккөн 14 талапкер болду. Бирок алгач президенттикке аттанууга ниетенгендердин саны 65ке жеткен эле. Саат жебеси түнкү 12ни какканга чейин дагы канча талапкер кол тамгалар менен күрөөнү алып келүүгө жетишет?