Кандуу Ош-Бишкек жолу 109 адамдын өмүрүн алды (видео)

780

Ош-Бишкек жолунда 11 айдын ичинде 109 адам каза тапты. Жыл башынан бери аталган стратегиялык трассада эки жүздөн ашуун авария катталган. Адам өлүмү менен коштолгон акыркы кырсык эки күн мурда болуп, 7 адамдын өмүрүн алып кетти. Набыт болгондордун арасында 10 айлык бөбөк да бар. Алынган маалыматтар боюнча, жол кырсыгына бир унаанын катуу ылдамдыкта келе жатып, карама-каршы жол тилкеге чыга калганы себеп болгон. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ош-Бишкек трассасында авария эң көп катталган аймак — Жалал-Абад областы. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул тилкеде авариялардын байма-бай катталышын жол чийиндеринин жоктугу менен түшүндүрүүдө.