Каникулдан келген депутаттар кайрадан тарап кетишти (видео)

2463

Каникулдан жаңы эле келген Жогорку Кеңештин депутаттары кайрадан тарап кетишти. Буга байланыштуу чечим парламенттин жыйынында кабыл алынды. Эл өкүлдөрү 2-октябрга чейин шайлоочулар менен жолугушат деген негизде тараганы менен, басымдуу бөлүгү үгүт иштери менен алектенишет.

Бул жыйынды алтынчы чакырылыштын акыркы отуруму десе дагы болот. Бирок ага дагы депутаттар толук курамда чогулган жок. Парламентарийлер тараганга шашылыштыбы, коронавирустун болжолдуу экинчи толкунуна карата кандай даярдыктар көрүлүп жатканы боюнча өкмөттүн маалыматын угууну да каалашкан жок.