Кант кызылчасын айдагандар түшүмүн сата алышабы? (видео)

575

Чүй областында кант кызылчасын айдаган багбандар түшүмүн сата албай калышыбыз мүмкүн деп чочулашууда. Себеби башта кант чыгарган завод менен түзүлгөн келишимде кызылчанын 1 килограммы 3 сомдон жогору баада сатып алынаары көрсөтүлгөн.

Бирок түшүмдү жыйноого келгенде жашылчанын баасы кескин төмөндөп жатыптыр. Буга быйыл өлкө аймагына: Казакстан, Россия жана Украинадан өндүрүлгөн шекер ашыгы менен ташылып келип, өндүрүмдүн баасынын төмөндөшүнө себеп болуп жатыптыр.