Кант шаарында милиция кызматкери пара алып жатканда колго түштү

743

Бир жаран Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына кайрылып, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген тартип сакчысы маселени оңунан чечип берүү үчүн 500 доллар талап кылганын айткан.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында, милиционер акчаны алып жаткан маалда кармалган. Тартип сакчысы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Башкы прокуратура ага каршы кылмыш ишин козгоду.