Кантта аялы күйөөсүн өлтүрүп, сөөгүн сууга салып жиберген деп шектелүүдө

838

Дагы бир адам өлтүрүү фактысы Кант шаарында да катталды. Аялы күйөөсүн өлтүрүп салган деп шектелүүдө. Маалыматка караганда, зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн кишинин сөөгү Чүй каналында табылган. Маркумдун колу-буту байланып, бутуна дагы кирпич байланып сууга ыргытылган.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, каза болгон жаран аялына кол көтөрчү. 17-июнда ал үйүнө мас абалда келип, жубайын сабай баштаган. Ошол убакта аялы күйөөсүн түртүп жибергенде, ал кулап түшүп, жан берген.

Кылмышка шектүү делген аял анын сөөгүн сууга салып жиберген, ага уулу жана кызы жардам бергени айтылууда. Каза тапкан жаран Дмитриевка айылынын 52 жаштагы тургуну болуп чыкты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.