Канттагы жол кырсыгы: айдоочу мас болгон (видео)

1427

Кант шаарында мас айдоочу бир үй-бүлөнү сүзүп, авария эки адамдын өмүрүн алып кетти. Кырсыкка күнөөлүү делген адам камакка алынды. Фольксваген Гольф-3 үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан айдоочу 7 жаштагы кыз жана анын 53 жаштагы тайэжесин сүзүп кеткен. Экөө тең, алган оор жаракаттарынан улам ошол жерден жан берген. Ал эми кыздын апасы жеңил жараат алып, Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Учурда кылмышка шектүү делген Чүйдүн 24 жаштагы тургуну убактылуу кармоочу жайында сурак берип жатат. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүүдө.