Канттан уурдап жер төлөгө камалган өспүрүм үчүн 3 млн сурашмак (видео)

751

12 жаштагы Данил Браилкинди уурдагандар 3 миллион сом талап кылууну көздөгөн. Бул тууралуу өспүрүм кылмышкерлердин колунан куткарылгандан кийин ата-энесине айтып берген. Кечээ эртең менен мектепке бараткан окуучуну үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр унаага күчтөп салып кетишкен.

Чүй областтык жана Ысык-Ата райондук милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кечинде 12 жашар бала Бишкек шаарынын чет жагындагы гараждардын биринин жер төлөсүнөн табылды. Кылмышка шектүү катары 2 адам кармалды. Алар өспүрүмдүн атасынын тааныштары болуп чыкты.