Канттын таштандыга толгон каналы (видео)

7769

Чүй областынын Кант шаарында турак жайларга кооптуулук жаралды. Буга жер алдынан чыккан суу өтүүчү каналдар тазаланбагандыгы себеп болууда. Кантты аралап өткөн Чупра каналынан суу акпагандыктан ичи сазга айланып, балыр баскан.
Жергиликтүүлөрдүн кайдыгерлигинен канал таштандыга толуп, ал тургай айрымдары үйдөн чыккан саркынды суу түтүктөрүн кошуп коюшкан. Кышы-жайы жагымсыз жыттан улам каналдын жанынан өтүү мүмкүн эмес. Маселени чечүү үчүн тургундар шаардык мэрияга бир нече жолу кайрылышканы менен ушул кезге чейин майнап чыкпай келет.